Бейшекеевдин күйөрманы кызына Сыймык деген ысым койгон

КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев “Ырыс таң”көрсөтүүсүндө конокто болду. Ырчы өз ысымы тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди.

Сыймык Бейшекеевдин атынан уулуна Сыймык деген ысымды ыйгаргандар Кыргызстанда жүздөп, балким, миңдеп саналат. Бирок Сыймык деген кыздын атын уктуңуз беле?

“Телефон аркылуу чалып, жолугуп уулума сенин ысымыңды берейин дегендер бар. Кочкорлук бирөө  “уулдуу болсом, атын Сыймык коем деп жүрдүм эле, бирок кыздуу болгонума  карабай Сыймык деп койдум” деп келген. Ага 15 жыл болуп калды. Ошондо азыр Сыймык кыз да 15 жашка толуп калды окшойт“, -дейт Сыймык Бейшекеев.

Баса, Бейшекеев Сыймык Токтогулович аттуу башка жаран да бар экен.

“Аны менен атыбыз, фамилиябыз жана атабыздын ысымы да бирдей. 1999-жылы концерттеримдин биринде туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып келип,  мени кубандырган эле. Андан сырткары Ысык-Көлдө да Бейшекеев Сыймык деген эки бала бар” –дейт.

 

Жакса досторуңуз менен бөлүшүңүз!

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.