Бегайым Садыкова “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды

“Ынтымак” КРТРКсынын Башкы директорунун орун басары Бегайым Садыкова Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды.

Сыйлыкты бүгүн, 11-ноябрда, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловдун атынан телерадиокомпаниянын Башкы директору Толкунбек Эрмекбаев тапшырды.

Бегайым Садыкова 20 жылга жакын убактан бери журналистика тармагында эмгектенип келет. Ал “Ынтымак” КРТРКсы ачылгандан бери алгачкылардан болуп иштеп келет жана учурда телерадиокомпаниянын башчысынын орун басары.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.