Бажы кызматынын төрагасы эки айга камалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды.

Бул тууралуу чечим кечээ, 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынганын kabar.kg жазды. Анда жазылгандай, Соттун чечими менен Кубанычбековго карата 17-мартка чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда УКМК тарабынан коррупция беренеси боюнча кармалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.