Базар-Коргондун 9 тургуну сибир жарасына шектелип ооруканага түштү

Бүгүн Базар-Коргон райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө н Акман айылынын 9 тургуну сибир жарасына күмөндөлүп жаткырылды.

Кечээ, 26- июнь күнү Акман айылынын жашоочусу оорулуу малын союп, этин жергиликтүү тургундарга тараткан. Ошондон кийин айылдын тогуз тургуну ооруканага келип түшкөн.

Жараны аныктоо үчүн союлган малдын этинен жана бейтаптардан анализ алынып, Жалал- Абад облустук жугуштуу оорулардын алдын алуу жана санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабоаториясына жөнөтүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.