Базар-Коргондогу Текебаевдин тарапташтары кайрадан митингге чыгышты

Ушул тапта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда  Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары тынчтык митингин өткөрүп жатышат.  Жүздөн ашуун адам башкы атамекенчинин бошотулушун талап кылууда. 

Алар 5-май – Конституция күнүн утурлай камактагы депутаттын бошотулушун сурап, “Конституциянын атасын бошотула!” деген чакырыктарды жасап жатышат. Милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп турат.

 

Бүгүн Ө. Текебаевдин тарапташтары Бишкекте да митингге чыгышты. “Ата Мекен” партиясынын депутатын бошотууну талап кылган 100дөй адам Бишкек шаардык сотунун алдына чыгышты.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ата Мекен” партиясынын камакта отурган лидери Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы каралат. Эртең мененки саат 9:30га белгиленген сот отуруму саат 16:00гө жылдырылды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын темир тор артындагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Буга нааразы болгон адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.