Базар-Коргондо төрт адамды жер көчкү басып, экөө каза болду

Кечээ, 23-апрелде кечки саат бешке жакын Арсланбап айылында көлөмү 300 метр куб жер көчкү түшүп, төрт адамды басып калганын ӨКМ кабарлады.

Айылдын Жаңы-Хаят тилкесинде суу түтүктөрүн оңдоп жалпы сегиз адам жүргөн. Алардын төртөө көчкүдөн качып кетүүгө үлгүргөн.

Көчкү алдында калган төрт адамды жергиликтүү тургундар куткарууга аракет кылышкан. Бирөө жеринде каза болуп, анын сөөгүн милициянын жардамында туугандарына өткөрүп беришкен.  Оор абалдагы үч адамды дароо ооруканага алып жөнөшкөн, бирок  жабыркагандардын бирөөсү бейтапканага жетпей жан берди.

“Каза болгондор – 32 жана жана 25 жашта болушкан”, – деп тактап өтүштү ӨКМден.

ӨКМ өкүлдөрү азыр жеринде иш алып барууда. Аймактагы тогуз үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

Иллюстративдик сүрөт: Турмуш

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.