
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда орнотулган балатыны белгисиз жарандар өрттөп кетишти. Бул тууралуу журналист Жумагүл Шайыкова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анда маалымдалгандай, балаты бүгүн, 31-декабрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында өрттөлгөн.
“Анын жанынан бензин куюлган бөтөлкө табылган. Өрттөгөн жарандар видеого түшүп калган. Учурда балатыны кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат”, – деп жазган ал.
Эске салсак, бул балатынын бийиктиги 12 метр, 20-декабрь күнү жандырылган.



Сүрөттөр Жумагүл Шайыкова “Фейсбуктагы” баракчасынан алынды.
- 31.12.2021