
6-апрелде, Базар-Коргондо жер көчкү түшүп, дарыяны бөгөп калды. Мындан улам суу толуп 450 үй-бүлөнү каптоо коркунучу пайда болуп жатат.
Аймакта адистер тактоо иштерин жүргүзүшүп, 400дөн ашуун үй-бүлөнү туугандарынын үйлөрүнө көчүрүштү.
Сууну ачуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 60тан ашуун кызматкерлери иштеп жатат. Калктын коопсуздугу үчүн тапшырмалар берилип, жумуштар аткарылууда.
- 07.04.2017