Базаркоргондуктар: суу ашат деп эки ай уктабайбыз

Базар-Коргондогу Кара-Үңкүр дарыясынын 400 метр жээгине дамба куруу зарыл. Антпесе Кызыл-Ай айылындагы 100 дөн ашык үй менен 50 гектар эгин талааны суу жууп кетүү коркунучу бар. Тосмолоо солгун болгондуктан кооптуу болгон дарыя жээкти жеп, турак жайларга жакындап калган.

Аймакта суу ташкындоо ыктымалы жогору сакталганына байланыштуу өзгөчө кырдаал 28-мартта киргизилип, кайра 30-мартта өзгөчө режим жокко чыгарылган. Ошентсе да сел каптоо коркунучу жаралган ар бир үйдүн жашоочулары кооптонуп турушкан учуру. 

“Менин үйүм ушул сайдан 30 метир арлыкта турат. Дамба курулбаса бизге кооптуу. Түнү менен уктабай чочуп жашайбыз. Эки ай бизде уйку болбойт.  Адырга качкыла дейт. Мамлекет биздин көйгөйдү укса жакшы болмок” , – деди  Кызыл-Ай айылынын тургуну Асилбек Акунов.

Азыркы тапта Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин тез арада бекемдөө зарылчылыгы турат. Жергиликтүү казынада 400 метрлик дамбаны курууга каражат жок. Болгону суу тосмолорду оңдоп-түзөөгө деп жылына 300 миң сом бөлүнөт. Ошондон улам дамба куруу боюнча кайрылуулар жоопсуз турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.