Базар-Коргон: “Авеп” коомдук фонду медреседеги жаштардын кесипке ээ болушуна шарт түздү

“Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу долбоорунун” алкагында Базар-Коргон районундагы “Имам Тирмизий” медресесине тигүүчү жабдыктар тапшырылган. Анын жардамында аталган медресенин окуучулары тигүүчүлүк өнөрдү өздөштүрүп, кыска убакыт аралыгында кийимдерди бычып-тигип калышат.

Аталган медреседе 30 окуучу эки тайпага бөлүнүп, тигип-бычуунү үйрөнүп жатышат. Аларга атайын билими бар тажырыйбалуу мугалимдер сабак берүүдө. Адистердин айтуусунда, окутуу бир жарым айга созулат.

Бул жылкы окутууну толугу менен “Авеп” коомдук фонду каржылап жатат. Ал эми келерки жылдан тарта окутууну медресе өзү улантуусу зарыл.

“Авеп” коомдук фондунун “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоору 2014-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзөт. Үстүбүздөгү жылы ага өлкө түштүгүнөн үч медресе кирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.