Базар-Коргон: 50дөй үй сел коркунучунда турат

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 50гө жакын үй сел алуу коркунучунда турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 25-апрель күнү Кара-Үңкүр дарыясында суу ашып, Кеңеш айыл аймагынын Көкчө-Көз участогунда 20 метр ички чарбалык жолду жарактан чыгарган. Мындан тышкары төрт турак үйгө баруучу унаа каттамы жабылып калган.

Учурда 500 метр аралыктан айланып баруучу ички чарбалык унаа жолу аркылуу тургундар каттап жатат.

Адистердин айтуусунда, дарыяда суунун деңгээли көтөрүлсө, 50 турак үйгө коркунуч жаралышы мүмкүн.

Синоптиктер 27-апрелден 1-майга чейин Кыргызстандын аймагында жаан-чачын көп болорун эскертүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.