
Баткендин Бужум айылында спирттик ичимдиктерди саткан дүкөндөргө чектөө киргизилип, аракечтик 90%га кыскарды.
Бужум айыл өкмөтүндө 10 миңден ашуун калк жашайт. Аймакта аракечтик күч алып, ден-соолугунан ажыраган фактылар көп катталган. Ошол кезде айылдын аксакалдар соту ичкиликке берилгендерди тыюу салуу максатында, спирт ичимдигин саткан дүкөндөргө чектөө коюшкан. Жыйынтыгында 4 жыл ичинде араккечтик көрсөткүчтөрү 90%га кыскарды
“Мектеп окуучулары менен биргеликте ар бир арак саткан дүкөнгө барып, түшүндүрүү иштерин алып бардык. Бул жаатта акцияларды уюштурдук. Жыйынтыгында көпчүлүк арак сатпай калды”, – деди Бужум айылынын аксакалдар соту Курбанбек Абдумиталипов.
- 16.11.2017