Баткендиктер окуучулар үчүн жол акыны арзандатууну талап кылып жатышат

Баткенде окуучулардан жол акысы чоң адамдардай эле 10 сомдон алынат. Акча тартыш кезде балдар 4-5 чакырым алыстагы мектепке жөө каттоого мажбур. Унаа айдоочулары тыйыны жок окуучуну маршруттан түртүп түшүрүп койгон учурлар бар.

Сайрам Абдираимова эки баласын мектепке жөнөтүп жатып, күн сайын аларга 50-60 сомдон бериши керек. Акча тартыш күндөрү окуучулар Баткен шаарына 4 чакырым жолду жөө басып барышат.

“Жолдошум экөөбүз тең эч жерде иштебегендиктен, балдардын жол акысын табуу да кыйын. Киреше булагыбыз – жолдошумдун биринчи топтогу майыптыгы үчүн берилген жөлөк пулу”, – дейт Олуя-Ата жаңы конушунун тургуну Сайрам Абдираимова.

Баткен шаарында коомдук унааларда  жашы жетиден ашкан бардык жүргүнчүдөн 10 сомдон алынат.  Тыйыны жок кезде балдар айдоочунун кагуусун  угаарын билишет. Жаман сөз уккандан көрө алыс жолго жөө аттанууну туура көрүшөт.

“Маршруткага чыксак, акча сурайт. Жок болуп калса, түртүп түшүрүп салат. Анан сабакка кечигип келебиз. Үйгө кайтканда да жөө жүргөн үчүн караңгыда жетебиз”, – деди 1-класстын окуучусу Жоомарт Өмүр уулу.

Мугалимдер менен ата-энелер Ош, Бишкек шаарларындагыдай эле окуучуларга жол акыда жеңилдик берүүнү суранышкан. Бирок маселе жылдан жылга калып, чечилбей келет.

“Окуучулардын жол акысын кыскартып берүү жагын суранганбыз. Өткөн жылы шаардык кеңеште каралат дешкен бойдон жыйынтык чыккан жок”, – деди Шарап Токсонов атындагы орто мектебинин директору Канзада Дүйшеева. 

Учурда Баткен шаарындагы ички-сырткы каттамдарын “Баткен Пирим” жана “Баткен” деген жеке ишканалар тейлеп келет. Муниципалдык транспорт каражаттары жок, андыктан маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик транспорт инспекциясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

 

 

“Муниципалдык унаа жок болгон үчүн биз транспорттук инспекция менен сүйлөшүп, акчасын төлөп берели деп жатабыз.  Маселени депутаттар сессияда карап жатышат. Бюджетке киргизилсе, каражат бөлүнөт”, – дейт Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов.

Бул көйгөй эки ай аралыгында чечилет деп шаар мэри ишендирди. Баткен шаарына караштуу мектептерде жалпы 5324 окуучу билим алат.

Бишкек жана Ош шаарларында окуучулардын жол акысы – 1 сом. Жалал-Абадда коомдук транспортто жүрүү балдар үчүн акысыз .

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.