
Кечээ, 1-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна аталган айылдын тургуну, атын атагысы келбеген жеке ишкер баасы 15миң доллар турган тез жардам унаасын белекке берди. Бул тууралуу “Ынтымакка” Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан сырткары аталган оорукананын дарыгерлерине жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн 100миң сом акча каражатын тапшырган.
Белгилей кетсек, 2019-жылы Лейлек районунун тургуну, ишкер Ысманали Жороев тарабынан Исфана шаарына, Ак-Суу айыл аймагына, Сүлүктү шаарына баасы 15миң доллар турган үч тез жардам унаасы белекке берилген.
- 02.04.2020