
Баткен облусунан Чүй облусуна ташылып келе жаткан 6 кг 140 грамм “героин” баңги каражаты кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 11-декабрь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун стационардык постунан автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда 33 жаштагы А.А. аттуу жарандын сумкасынан ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.
Химикалык экспертизанын корутундусунун негизинде табылып алынган зат 6 кг 140 грамм салмактагы “героин” баңги каражаты экендиги аныкталган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзасыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган.
Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда 13-декабрь күнү Баткен облусунда туруктуу каналды жөндөгөн 51 жаштагы Р.У. аттуу жаран кармалган.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн иштери уланып, кылмышка шектүү жактар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
- 17.12.2019