
Быйыл Баткен облусунда тамчылатып суугаруу ыкмасы жанданат. Анын натыйжасында пайдаланылбай жаткан айдоо талааларга эгин эгилет.
Баткен облусунда 36 миң гектар айдоо талаа суу тартыштыгынан иштетилбей бош жатат. Кырдаалдан чыгуу үчүн быйыл тамчылатып сугаруу ыкмасы ишке кире турган болду.
“Мында айдоо талаалары бош калбай, түшүмдүүлүк да жогору болот. Эң негизгиси сугат суу 3-5 эсеге үнөмдөлүп, тартыштык жаралбайт”, – дейт дыйкан Абдухалил Саматов.
Азыр облустагы 600 миң гектар жердин 100 гектарында тамчылатып суугаруу ыкмасы колдонулуп жатат.
Сүрөт: Sputnik
- 03.04.2017