Баткенде мыйзамсыз сакталган 15 миң бөтөлкө спирт ичимдиги аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Баткен облусу боюнча кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз сакталып, сатылып жаткан 7 дүкөндү аныкташты.

Анда, мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыштагы жана контейнердеги 15 479 бөтөлкө алкоголдук ичимдик алынды. Алардын жалпы баасы 2,5 миллион сомдон ашуун деп бааланууда.

Чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.