
Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы мүрзөлөрдүн темир тосмолорун уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, райондук милицияга Айдаркен шаарындагы мүрзөлөрдүн темир тосмолору белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Натыйжада Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү иликтөө иштерин баштаган. Тосмолорду уурдоого шектелип Айдаркен шаарынын 38 жаштагы А.Т. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

- 10.12.2021