Баткенде он күн театр жумалыгы өтөт

Баткен шаарындагы  Аппаз  Жайнаков атындагы музыкалык драма театры күзгү театралдык сезонун ачып жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” мекеменин жетекчиси Бакыт Акматов кабарлады.

Сезон ачылышында “Алымкул аталык”, “Өрүк гүлүн төккөндө” жана “Өксүгү күчтүү өмүр” аталышындагы жергиликтүү жазуучулардын чыгармалары коюлат.

“Ыйман, адеп, маданият жылына карата кызуу даярдык көрүп жатабыз. Буйруса, 20-октябрдан баштап күнүнө үч спектакль коюлат”, – деди Бакыт Акматов.

Театр сүйүүчүлөр 20-октябрдан ноябрга чейин спектаклдерди көрүп кетсе болот. Билеттер театрдын кассаларында сатылууда. Ал эми мектептерге, мекеме-ишканаларга билеттер таркатылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.