Баткенде биринчи жолу көзгө операция жасалды

Эми баткендиктер көздү дарылатуу үчүн Ош же Бишкекке барып убара болушпайт. Көп жылдан бери узак жолдо ары-бери каттаган бейтаптардын көйгөйү чечилип, облустук ооруканада көз оорулар бөлүму ачылды.

Көз оорулар бөлүмүнө Швецариядан акыркы үлгүдөгү жабдыктар алынып келинген.  Ал үчүн 3,5 миллион сом жумшалды. Акчаны  Саламаттыкты сактоо министрлиги менен “Кызыл жарым ай” коому бөлгөн.

Жаңы ишке кирген бөлүм көз ооруларынын бардык түрүн дарылайт. Заманбап жабдыктардын жардамында татаал операцияларды да жасоого болот.

Көз оорулар бөлүмү 8 орунга ылайыкташкан. Азыр бейтаптардын көптүгүнөн 32си жатып дарыланууда. Буга чейин көз ооруларын бейтапканада бир гана дарыгер карап келсе, азыр атайын бөлүм ачылып, адистердин саны үчкө жетти. Аларга Бишкектен офтальмолог адис келип, аппараттарды иштетүүнү үйрөтүүдө.

Бөлүм ачылганына 6 күн болду. Андан бери 30 адамдын көзүнө операция жасалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.