Баткенде баасы 109 миң сомду түзгөн товар аткезчилик жолу менен ташылып келе жатып кармалды

Баткен облусунун Зарташ айылынан “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаадан  аткезчилик менен коңшу өлкөдөн ташылып келген товар табылды. Мыйзам бузуучулук “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан кармалып, андан орточо баасы 531 миң сомду түзгөн 59 миң метр таңгакталган “эки зымдуу изоляцияланган алюминий зымдар” табылган.

Ошондой эле “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пульгон айылында да жогорудагыдай үлгүдөгү унаадан баасы 560 миң сомдук 70 миң метр таңгакталган “эки зымдуу изоляцияланган алюминий зымдар” табылганы маалым болду.

Аталган кылмыштуулуктун бети ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө ачылды.

Жогорудагы фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.