Баткенде баңги затын алып жүргөн тажик жараны кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда банги затын мыйзамсыз алып жүргөн тажик жараны кармалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Баткен ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аталган райондун Жаңы-Жер айыл аймагынан Тажикстандын Согди облусунун 33 жаштагы Л.М. аттуу тургунун текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда анын чөнтөгүнөн кара түстөгү полиэтилен баштыгына оролгон, салмагы 13,8 грамм болгон наркотикалык затты табышкан.

Экспертизанын жыйынтыгында баштыктагы зат “марихуана” экендиги аныкталып, кармалган жаран КР ЖПКнын 98-99-беренелеринин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.