Баткенде алдамчылыкка шектелип тажик жараны кармалды

Чүй облусунун тургунунун малын алып, акчасын бербей алдап жүргөн тажик жараны кармалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Баткен ОИИБнин маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын июнь айында Лейлек районунун Арка айылындагы мал базарда болгон. Тажикстандын Согди облусунун Рустам аттуу 35 жаштагы тургуну Чүй облусунун Сокулук районунун жаранынын бир нече бодо малын 370 миң сомго сатып алган. Акчанын 77 миң сомун берип, калган акчаны кийин бермек болуп макулдашышкан. Бирок макулдашылган убакытта тажик жараны акчаны бербей койгон.

Аталган окуя боюнча Лейлек районунун криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, 35 жаштагы тажик жаранын кармашкан.

Учурда аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүштүк иши ачылды.  Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.