Баткенде “Айгүл гүлү – 2017” фестивалы өттү

Фестиваль быйыл эл аралык деңгээлде уюштурулган. Ага кошуна Өзбекстандан да коноктор келишти. Алар кыргыз элинин гүл майрамы менен  куттуктап, концерттик программа менен кошо дар оюндарын көрсөтүштү.

“Айгүл гүлү – 2017” фестивалынын алкагында айыл өкмөттөр тарабынан даярдалган кыз-жигит сармердени көрүүчүлөрдүн маанайын ачты. Андан соң Өзбекстандан келген коноктор дар оюндарын көрсөтүштү.

Эки элди достукка, ынтымакка чакырган мындай иш-чаралар көп болуп турса дешет тургундар. Анткени акыркы жылдары чек-ара жабылып, эки улуттан  кыз алып, кыз берген куда сөөктөр да катташа албай калышкан эле. Мындан ары достук иш-чараларын бат-баттан өткөрүп турса, жакындык артып, чыр-чатактар аз болот эле дешет.

Айгүл – дүйнө жүзүндө эки жерде эле өссө, анын бири Кыргызстандын Баткен тоолорунда. Сейрек кездешүүчү гүлдүн илимий аталышы – рябчик-эдуардо. Анын башка гүлдөрдөн өзгөчөлүгү – ченемсиз кооздугу жана тоонун тескей жагында өскөндүгүндө. Узундугу бир метрге жетип, узун ичке жалбырактары бүтүндөй сабагын каптап турат. Айгүл гүлү уругунан жети жылда өнүп чыгат да жети жылдан кийин алгачкы гүлүн ачат. Ар бир жылда бирден коңгуроо гүлү кошулуп олтурат. Канча коңгуроосу болсо, гүлгө канча жыл болгонун аныктаса болот. Айгүл гүлү сейрек кездешкендиктен, 1978-жылы СССРдин “Кызыл китебине” киргизилип, корукка алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.