Баткенде Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет

Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы ушул жылдын 25-октябрында Кадамжай районунда белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда Вице премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Баткен облусунда атайын иш сапары менен болушкан.

Иш сапарда ушул жылдын 25-октябрында Кадамжай районунда Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы өтөөрү айтылып, ага карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктар менен таанышуу жана улуу инсандын салтанаттуу мааракесин жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү маселелери талкууланган.

Өлкөнүн туңгуч жетекчиси Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата 24-октябрь күнү илимий-практикалык конференция өтөөрү, атайын даректүү тасма тартылып, Кадамжай районундагы Орозбеков айылында театрлаштырылган көрсөтүүлөр, концерт жана ат оюндары өткөрүлөөрү такталып, тийиштүү тармактарга иш чаралар жана милдеттер бекитилди.

Белгилей кетсек, коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Кадамжай районунун Охна айылында төрөлгөн. Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы май айында аттырылып, 1956-жылы акталган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.