Баткенде 65 милиция кызматкери сыйланды

Баткен ОИИБнын өздүк курамы жана жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан 65 кызматкер Ички иштер органдарында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн I, II, III даражадагы “Азамат” медалы менен сыйланды.

Алган сыйлыкты Баткен ОИИБнын башчысы Акылбек Мамасейитов тапшырып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Аталган медалды Баткен ОИИБнын 16, Кызыл-Кыя ШИИБнин 5, Кадамжай РИИБнин 17, Баткен ШИИБнин 4, Баткен РИИБнин 6, Лейлек РИИБнин 14, Сүлүктү ШИИБнин 3 кызматкери алды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.