
Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантинди химиялаштыруу департаменти Баткен облусундагы чегирткелердин личинкаларына изилдөө жүргүздү.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сурамжылоонун жыйынтыгында Баткен районунда 5500 гектар жер болсо, анын 4300 гектары химиялык тазалоого муктаж.
Бүгүнкү күндө 2 миң 700 гектар жер айдалды, анын ичинен Лейлекте 900 гектар, Кадамжайда 1 миң 600 гектар, Баткенде 200 гектар.
Чегирткеге каршы химиялык тазалоодон кийин, Баткен облустук администрациясынын адистери биологиялык натыйжалуулугун текшеришти. Ага каршы күрөшүү иштери уланууда.
- 26.05.2021