Баткен: таштандыга толгон кудук

Баткендин Кызыл-Бел айылында суу чыгаруу үчүн казылган кудукту жергиликтүүлөр таштандыга толтурду. Мындай көрүнүш 25 жылдан бери орун алып,  Курманжан Датка көчөсүнүн жашоочулары таштанды таштагандарды тыйа албай келишет. 

Таштанды таштоо үчүн атайын 5 гектар аянттагы жай болгон менен кызылбелдиктердин  көнгөн адаты калган жок. Тереңдиги 200 метр болгон кудукка өлгөн жаныбарларды да ташташат.

Күн ысыган мезгилде жагымсыз жыт ого бетер күчөп, 20га жакын үйгө ыңгайсыздык жаратат. Таштанды төккөндөрдү кармап, эскертүү беришкени менен натыйжа болгон жок.

Айылдагы мектеп таштанды толгон аңга жакын жайгашып, окуучулар ушул жерге келип ойношот. Ата-энелер оору пайда болобу деп тынчсызданышууда.

Кара-Бак айыл өкмөтү сөз болуп жаткан казылманы тазалап, тегиздөө боюнча быйылкы жылдагы бюджеттен 10 миң сом акча ажыратты. Эске сала кетсек, Кызыл-Бел айылында 2 миңдей адам жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.