Баткен: санитардык талапка жооп бербеген дүкөндөр жабылды

Баткенде азык-түлүктөрдү текшерүүнүн кварталдык жыйынтыгы чыкты. Санитардык көзөмөл кызматы шаардагы 200гө жакын дүкөндү текшерип чыгышкан. Рейддин жыйынтыгы боюнча көпчүлүк товарлардын сакталуу мөөнөтүн көрсөткөн чаптамалары жок болуп чыкты.  Ага кошо эле тез бузулчу азыктарды муздаткычта сакташпайт. Арасында жарамдуулугу өтүп кеткен товарлар четтен чыгат.

Тешкерүүнүн жыйынтыгында эрежелерди сактабаган 7 соодагерге айып пул салынса, талапты одоно бузган 4 дүкөн толук жабылды. Адистердин айтуусунда, эгер эскертүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлсө, мындан да  көбү ишмердүүлүгүн токтотушу мүмкүн эле. Анткени кварталдык рейдди билгендердин даярданып алуусуна мүмкүнчүлүк бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгында санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы отурум өткөрүп, Баткен мэриясына тапшырма койду. Анын алкагында шаар жетекчилиги эскертүү берилген дүкөндөрдү санитардык дарыгерлер менен кошо көзөмөлгө алышы керек. Эгер өгзгөрүү болбосо, ал дүкөндөр да жабылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.