
Баткен облусундагы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылын сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча тактала элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде редакция кийинчерээк толук маалыматты берүүнү убада кылды.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Кыргызстанда селдин учурлары көбөйдү. 12-июлда Мал-Калды жайлоосунда балдарды кошкондо сегиз тургунду сел алып кеткен.
- 02.08.2021