Баткен өрүгүн Тажикстанга түз экспорттоо аракети башталды

Баткенде дыйкандар бир гектар бактан 10 тоннага чейин өрүк  алышат. Түшүм ички рынок аркылуу Тажикстанга чыгат. Коңшу өлкөнүн ишкерлери өрүктү өздөрү алып кеткишкени үчүн базар баасында сатылат. Ошол себептүү дыйкандар кошумча пайда көрө албай убара.

Эми Баткен өрүгү Тажикстанга түз экспорттолушу мүмкүн. Ал жаатта “Өрүк гүлү 2017” эл аралык фестивалы өткөрүлүп, кошуна өлкөнүн ишкерлери чакырылды. Максат -өрүктү Тажикстанга дыйкандар өздөрү сата алышына жол ачуу.

Бул үчүн жергиликтүү бизнес өкүлдөрү да кооперативдерди түзүп, аракет башташкан. Азыр Баткен өрүгүн сыртка чыгаруу максатында “Биорганикалык өсүмдүк”, “Тоолуу өлкөнүн азыгы” деген маркалар бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.