Баткен облусунда 4 гектардай жер өздөштүрүлдү

Баткен облусунда Бүргөндү массивиндеги 3850 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлдү.

Бүгүн, 21-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүнүнүн ачылышы болот.

“Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги жаңы сугат жерин өздөштүрүү” долбоору 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты.

Долбоордун алкагында узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду.

Ирригациялык түйүндүн ачылыш аземине  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев катышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.