Баткен облусуна БУУ тарабынан 113 тонна азык түлүк таратылды

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы тарабынан Баткен облусундагы 690 үй-бүлөнүн ар бирине 150 кг  байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы  таратылууда. Таратылган азык түлүктүн көлөмү 113 тоннаны түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор алкагында азык-түлүк жардамы элдерге буга чейин коомчулук жумуштарын аткарганы үчүн берилип келген.

Бул ирет багбанчылык, агротехнологиялык, ветеринардык кыска окутуу курстарынан өткөн жарандарга берилди.

Белгилей кетсек, азык түлүктөр облустун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, 2020-жылдын март айында жогорудагы окутуудан өткөн жарандарга берилди.

“Бул окутууларга Баткен облусунда жашаган жумушу жок, аз камсыз болгон, көп балалуу, ден- соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар үй бүлөлөр катышкан. Окутуунун максаты жарандардын турмуш-шартын жакшыртуу жана кайсы бир багытта иш баштоосуна көмөктөшүү болуп эсептелет”,-деп айтылат маалыматта.

Бул долбоор БУУ ДАТП жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программасын колдоо максатында ишке ашып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.