Баткен облусун эми Өмүрбек Суваналиев жетектейт

Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Өмүрбек Суваналиев 1960-жылы 31-июлда Талас облусунун Талас шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгон, 2019-2020-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болгон.

Ал эми Маруфхан Тулаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ош ШИИБ менен Батен ОИИБдин жетекчилери орун алмашты

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.