Баткен милициясы кооптуу аймактардан жарандарды алып чыгууда

Баткен милициясы кооптуу аймактардан элдерди алып чыгууда.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы окуяга байланыштуу Баткен облусундагы ИИОнун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте жеринде иш алып барууда. Азыркы учурда абал курч бойдон.

Ал жерде кызмат өтөгөн ИИОнун кызматкерлери тарабынан абалды турукташтыруу, элдин коопсуздугун камсыздоо багытында аталган аймакта Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов тиешелүү кызматкерлери менен иш алып барууда.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.