Баткен: мигранттар кесипке үйрөнүп жатышат

Өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Баткен облусунда жумушсуздук күч. Анын айынан жарандар башка өлөгө барып иштөөгө мажбур. Расмий маалыматтар боюнча Баткен облусунун 35 миңдей тургуну чет өлкөдө жүрөт.

Алардын дээрлик баары эле кара жумуш менен алектенет. Арасында жумушка орношо албай кыйынчылык тартып жүргөндөрү да жок эмес.

Ошондон улам облуста мигранттарды кесипке үйрөтүү боюнча долбоор ишке кирген. Мониторинг жүргүзүлүп, чет өлкөлөрдөгү талап күч жумуштар тизмектелген. Учурда мигранттарга эмгек рыногуна ылайык кесиптер үйрөтүлүп жатат.

Долбоор ушул жылдын январь айында башталса, кесип үйрөнүү боюнча кайрылгандар 400гө жеткен. Алардын 120дан ашыгы 3 ай окуп, сертификаттарга ээ болушкан. Тастыктама Кыргызстандан сырткары КМШ өлкөлөрүнө жарамдуу.

Долбоор “Окуу көндүмдөрдү” өнүктүрүү фонду тарабынан демилгеленип, орто жана башталгыч билим берүү агенттиги тарабынан ишке ашып жатат. Каржылоо жагы “Азия өнүктүрүү” фондуна жүктөлгөн. Долбоор  2018-жылдын сентябрь чейин улантылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.