Баткен облусунда жер көчкү коркунучундагы аймактардын саны 84кө жетти. Кооптуу аймактарда жалпы 234 кожолук жашап жатат. Тургундарга көчүп кетүү боюнча экертүүлөр берилген, бирок алар жер которбой жатышат. Айрым үй-бүлөлөр буга чейин мамлекеттен жер, ссуда да алган.

 Лейлектин Өзгөрүш айылындагы 11 үй-бүлө таш көчкү коркунучу бар аймакта жашайт. Айыл тоо боорунда жайгашкандыктан, жамгыр жааган учурда таштарда жаракалар пайда болуп, кулап түшүү ыктымалы күч. Ушул кезге чейин мамлекет тарабынан аймактагы 4 үй-бүлөгө ссуда берилип, көчүп чыгышкан. Калгандарынын жер маселеси чечилбей турат.

“Коркунучтуу жерде жашап жатабыз. Бир жагынан таш кулайт. Экинчи жактан бир аз эле жамгыр жааса, сел жүрүп көпүрөбүздү тосуп калат.Өтмөк да авариялык абалда. Жер берсе, көчүп кетебиз”, – дейт айыл тургуну Захридин Мусаев.

ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Курганбаевдин айтымында, бул кооптуу аймактагы жети үй-бүлөгө ссуда берүү маселеси өкмөт тарыбанан чечилген. Бирок жергиликтүү бийлик дер бөлүп берүүнү кечеңдетип жатат.

Облуста таш кулоо коркунучундагы үйлөрүн саны – 25. Мындан сырткары  жер көчкү түшүү ыктымалы бар аймактардын саны 84 болсо,анын 42си Сүлүктү шаарында. Адистер көчүү боюнча эскертүү берген менен жер тилкелери бөлүнбөй жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ушул тапта 84 кооптуу участокто жалпы 234 кожолук жашап жатат. 132 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү боюнча аракеттер башталган. Калгандарын башка жакка которууга жер тилке аныктала элек.

Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин Баткендеги башкармалыгы кабарлагандай, жер бөлүнө элек кооптуу аймак жашоочуларына эки ай аралыгында Кадамжай районунун Бүргөндү айылынан тилкелер  бөлүнүп берилет. Ал эми буга чейин жардам алгандар болсо, мажбурлоо жолу менен көчүрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.