
“Кадыр түндө дарегиңе акысыз жет”! Мындай аталыштагы акция Баткен шаарындагы жеке таксисттердин демилгеси менен уюштурулду.
Бекер ташуу Баткенде алгачкы ирет орун алып, жүргүнчүлөргө күтүүсүз белек болду. 3 айылдын эли өз даректерине акысыз каттап, айдоочуларга ыраазычылык билдиришти.
Кадыр түн күнү Баткен шаарынан Көк-Таш, Ак-Татыр жана Ак-Сай айылдарына таксилер акысыз катташты. Бул каттамдарды жалпы 30 айдоочу тейлесе, бүгүнкү акцияда баары кун бою активдүү кызмат көрсөтүштү.
“Анткени жүргүнчүлөрдү бекер ташууну айдоочулар демилгеледик. Кеткен чыгымдарды да өзүбүз көтөрдүк”, – айдоочу деди Камалидин Капиров.
- 22.06.2017