
Баткенде электр чубалгылары калыбына келтирилип, электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, “Ошэлектр” ишканасынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам үзгүлтүккө учураган Орто-Боз аба чубалгыларын калыбына келтиришти.
27-январда кечинде кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абал курчуганына байланыштуу Баткен РЭТинде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз аба чубалгысы үзүлгөн.
Бул кырдаалга байланыштуу Ак-Сай, Көк-Таш, Актатыр, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калган.
- 28.01.2022