Баткен: чек ара аймагындагы Бүргөндү массиви калктуу конушка айланат

Баткендин  стратегиялык жактан маанилүү болгон чек ара аймагында калктуу конуш пайда болот. Бул үчүн Кадамжай районунда 3, 5 гектар бош жаткан жер өздөштүрүлдү. Анын жарымы элге үй курууга берилсе, калганы эгин талаага айланат.

Кадамжайдын Актурпак айыл аймагындагы Бүргөндү массиви Өзбекстандын Риштан жана Сох райондору менен чектешет. Ферган өрөөнү менен Бүргөндүнүн аралыгы 17 чакырымды түзөт. Буга чейин аймактагы  3, 5 миң гектар жер иштетилбей бош жаткан. Бүргөндүнү калктуу конушка айландыруу меселеси 10 жыл аралыгында чечилип, алгачкы шарттар карала баштады.

“Бул обьектин стратегиялык маанис чоң. Биринчиден чек арага калктуу конушту отурукташтырып бекемдөө, экинчиден элди үй-жай менен камсыз кылуу. Чет жакта жүргөн жаштарды бул жака чакырып,  жумуш орундары менен камсыздоо макчатталган”, – дейт Актурпак айыл аймагынын башчысы Алчыбай Төралиев 

Учурда какыраган талаа… Эми бул жерге облустун башка аймактарынан 4 миңге жакын кожолукту отурукташтыруу иши турат. Кошуна өлөдөн өздөштүрүлгөн 3, 5 миң гектар жердин 1, 2миң гектары турак-жай куруу үчүн бөлүнсө, 2, 3 айыл айыл-чарба багытында иштетилет.

Бүргөндү аймагына Кожашкен дарыясынан 4 мин куб метр  суу тартылды. Ал үчүн 114 чакырымдык  ички чарбалык, үч  чакырымдык магистралдык каналдар курулду. Ага 466 млн сомду  сарпталган. Чек ала албай бура тартып жүргөн тургундар азыртан арыз берип, кезекке тура башташты.

“Эки баламы бөлүүгө жер тилкесин ала албай жүргөнбүз. Эми мына шарттар каралып жатат, биз дагы тилке алып үй куралы деп атабыз. Жер тийсе эле болду, чек аралаш айылдарда жашап көнүп калганбыз”, – дейт Өрүкзар айылынын тургуну  Макбуба Юлдашева.

Жаны өздөштурулгөн Бургөнду массивине биринчи кезекте табият кырсыгы кооптуу аймактарда жашап жаткан үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Азыр алардын саны облуста 300гө чамалайт. Мындан сырткары жер жок жарандар да ушул жакка отурукташат. Аймактын инфраструктура маселелери чечиле турганын өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында айтты.

“Өлкө Президентинин жеке көзөмөлү менен аталган  долбоор ишке ашты. Долбоорду ишке ашыруу өлкөнү бекемдеп, ички миграция агымын азайтып, жергиликтүү тургундарга кошумча жумуш орундарын түзөт. Бүгүнкү күндө суу дүйнө жүзундө эң баалуу ресурска айланды. Биз өлкөдөгү суу ресурстарын чоң жоопкерчилик менен аярлап, эффективдүү колдонушубуз керек”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Өкмөт сугат суу башкаруу системасын иштеп чыгуу жана жакшыртуу үчүн мындан ары да иштерди улантарына басым жасады. Азыркы тапта өлкөнүн мелиоративдик мүмкүнчүлүгүн 50 миң гектарга кеңейте турган, ирригациялык системаны өнүктүрүү боюнча 10 жылдык Программа иштелип жатат. Өкмөт башчы Бүргөндү массивиндеги жер, жер тилкеси жокторго берилерин билдирди. Аталган чечимдин алкагында жер бөлүштүрүү маселеси менен алектенген тиешелүү мамлекеттик органдардан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.

Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация департаментинин маалыматында «Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги жаңы сугат жерин өздөштүрүү» долбоору туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында 3 этап менен ишке ашты. Жыйынтыгында  узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.