Баткен: багбан 16 түп лимондон жарым тонна түшүм алды

Лейлек районун Арка айылынын тургуну Камал Гаипов 15 жылдан бери 10 сотых аянттагы  күнөсканага лимон өстүрүп келет. Алгачкы отургузган көчөттөрүнөн быйыл жарым тоннадай түшүм алды. Килограммын 100 сомдун тегерегинде саткан багбан эмгегинин арты кубаныч алып келгенин жашырган жок.

Азыр 16 түп лимон дарагы бар, дагы 60 көчөт эгүүнү пландап жатат. 16 түп лимондун бир түшүмүнөн 50 миң сом киреше тапкан Гаипов бул бизнести өнүктүрсө болооруна көзү жетти. Анткени багбандын лимонду дүңүнөн алып кеткен кардарлары күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Ал үчүн башка күнөскана даярдады.

Лимон өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Жылдын 4 мезгилинде температураны бир калыпта сактоо зарыл. Эгер жылуулук нормасы сакталбаса, жалбырактары түсүн өзгөртө баштайт. Көп убактысын күнөсканада өткөргөн  багбан лимон дарагынын ылаңдарын да билип калган.

“Ар бир дарактын өзүнө жараша оорусу болот. Бирок мен химиялык дарыларды колдонуудан качам. Эң негизгиси топуракты жакшытып, табыйгый жолдор менен мамиле жасайм. Өтө кылдаттыкты талап кылат”, – дейт багбан Камал Гаипов.

Багбандын күнөсканасында лимондон сырткары банан да бар. Үч жыл мурун отургузган үч түб банан азыр мөмө байлап, түшүм берүүдө. Ар биринен отуздай банан алат. Цитрус жемишинин бул түрү жыл өткөн сайын түшүмдүүлүгүн көбөйтөт.

 “Үчөө 3 жылдык банан дарактары. Калгандары булардын артынан чыгып көбөйдү. Мөмөсү декабрь айына барып бышат. Бананыбызды дагы көбөйтүп алсак, жакшы киреше табабыз”, – дейт   К. Гаиповдун жубайы Инобат Гаипова.

Багабандын үй-бүлөсү күнөсканадан бошобойт. 10 сотых жер цитрус жемиштеринен сырткары гүлдөр менен да толукталган. 50 гө жакын гулдүн түрү- Бильбергия”, “Орхидея” сыяктуу жайнаган гүлдөр күнөсканага кирген адамдын маанайын көтөрүп турат.

Камал Гаипов Кыргыз-Орус өнуктүрүү фондунан жеңилдетилген насыя алып, дагы 10 сотых жерге күнөскана курду. Анда да лимон өстүрүп, помидор, бадыраң сыяктуу жашылча жемиштерди эгип баштады.

Баткендин Лейлегинде лимон өстүрүү жолго коюлуп баратат. Цитрус жемишин күнөсканада жетиштиргендер райондо 50гө жакындап калды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.