Баткен: аткезчиликке каршы чара күчөйт

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн буйругунун негизинде, аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн ыкчам топ түзүлдү. Эми алар Лейлек району аркылуу Тажикстанга мыйзамсыз өтүп жаткан күйүүчү май ташууга бөгөт коюу аракеттерин  көрөт.

Буга чейинки мониторингдин жыйынтыгында аткезчилик күчөп, бир күндө Баткенге 500 миң литрге жакын күйүүчү май келээри белгилүү болгон.

“Тажикстанга Баткен облусу аркылуу кара май аткезчилик жол менен өтүп жатканы айтылып, ошонун негизинде мониторинг жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, Лейлектин күйүүчү майга болгон бир айлык жалпы керектөөсү 2 жарым миң тонна болсо, районго бир ай аралыгында 16,5 миң тонна күйүүчү май келери аныкталган”, – дейт Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов .

Лейлек районунда жалпы 72 май куйуучу бекет болсо, көпчүлүгү кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан. Кошуна өлкөгө өтүп жаткан кара майдын 25%ы гана мыйзамдуу экенин мониторингдин жыйынтыгы көрсөттү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.