Баткен: 2021-жылдын апрелинде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө кошумча жөлөкпул төлөнөт

Министрлер кабинети тарабынан 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынды.

Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:

– курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;

– курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.