
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалга байланыштуу чек ара тилкесинде жашаган 11 миң 52 эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.
Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды.
Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп жатат.
- 28.01.2022