Балыкчыда кыргыз-орус аскерлеринин машыгууусу болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда кыргыз-орус аскерлеринин “Центр-2019” машыгуулары 16-22-сентябрь күндөрү өткөрүлгөн.

Машыгуу Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аскер топторунун бирдиктүү иштөөсүн камсыздоо максатында өткөрүлүп, мотоаткычтар, инженерлер, артиллерия бөлүмдөрү, атайын даярдыктагы аскерлер, ошондой эле аскерий-техника, аба күчтөрү эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтүштү.

Машыгуу учурунда өзгөчөлөнгөн  аскерлерге медаль жана Ардак грамоталар тапшырылды. Ысык-Көл облусунда өткөн “Центр-2019” машыгуусуна Кыргызстан менен Россиянын 500дөй аскери, 100гө жакын техника тартылган. Негизги бөлүгү Орусиянын Оренбург облусунда өткөн бул машыгуу бир нече мамлекетте уланган.

Эске салсак, Орусияда өткөн бул аскердик машыгууга Президент Сооронбай Жээнбеков дагы күбө болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.