Балдарды “эстен тандырган” мектеп. Билим берүү министрлиги 11 күн сурады

Нарындын Чоң-Туз айылындагы мектептеги окуучулар акыркы эки жылдан бери сабак учурунда өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон учурлар катталууда. Имарат тиешелүү адиcтер тарабынан кооптуу деп табылганына карабай, мында окуу процесси токтотулган эмес. Акыры айрым ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартып, өткөн аптада митингге да чыгышты.

Чоң-Туз – жүздөн ашык бала билим алган чакан мектеп. Окуу жайды 2007-жылы кореялык инвесторлор салып берген. Алар курулушка жалаң желим жабдууларды колдонушкан. Мында химиялык заттар нормадан ашыкча болгонун санитардык-эпидемиологиялык департамент аныктап, окууга мүмкүн эмес деген тыянак чыгарып берген. Күн ысыганда мектепте желим жытына чыдап болбойт, – дешет балдар.

Мугалимдердин айтымында окуучулар мектепке келгенден 2 сааттан кийин саламаттыгына даттана башташат.

 “Үчүнчү саат бүткөндөн кийин эле балдар сурана баштайт. Башым ооруп баштады, эс алып келейинчи деп. Алардын кебетесин көрүп уруксат бербей кое албайсың. Ал балдарды канчалык окутсаң да, ооруп жатса, мээсине эч нерсе кирбейт”, – дейт мугалим Назгүл Балтабаева.  

Буга чейин  саламаттыкты сактоо кызматкерлери  бул мектепти текшерүү жүргүзүп, мында окуу балдар үчүн коопсуз деп бүтүм чыгарып берген. Бирок буга ата-энелер макул эмес, анын үстүнө балдардын эси ооп жыгылган же өзүн жаман сезген учурлары азайган жок.

Курулушта химиялык заттардын нормадан көп  болгондугунан улам организимге тез сиңип, дем алуу, тери, нерв системасына таасирин тийгизип, жүрөктүн бузулушуна, аз кандуулукка, аллергиялык бронхит, баш ооруга алып келерин көз карандысыз адистер  билдирген.

Ошентип, эки жылдан бери маселе чечилбей жаткан үчүн Чоң-Туздун тургундары нааразылык билдирип чыгышты. Билим берүү министрлиги окуу жайды текшерип, бир жактуу чечим кабыл алууга 11 күн убакыт сурады. Азыр мектепте окуу процесси уланууда.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Нарын облустук  мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Сыргак Бактыяр уулу  даярдады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.