
2022-жылы балдарды 1-класска кабыл алууда алардын билим деңгээлин аныктоого багытталган экзамен алууга тыюу салынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Эскерте кетсек, 2022-2023-окуу жылына балдардын мектепке электрондук кабыл алуусу жеңилдетилди.
“Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен 1-класска окуучуларды кабыл алуу электрондук каттоо системасынан тышкары, мектепке түз кабыл алуу менен да ишке ашырылат. Быйыл балдарды 1-класска кабыл алууда алардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү, экзамен, тест, аңгемелешүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат”, – деди
Надира Жусупбекова.
- 26.01.2022