Байсалов: Кыргызстан дагы 3000 жыл бою БУУнун мүчөсү жана эгемендүү мамлекет катары калат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-2027-жылдарга БУУнун туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык боюнча рамкалык програмасынын бетачарында сөз сүйлөдү.

Анда бул иш-чаранын Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынгандыгына 30 жыл толгон күнү өткөрүлүп жаткандыгы маанилүү экендигин белгиледи.

«Биздин өлкө БУУга мүчө болгондугуна 30 жыл толду жана бул убакыт аралыгында жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз жаш, намыстуу жана алга умтулган өлкөбүз. Калкыбыздын үчтөн экисинен ашууну – отуз жашка чейинки жаштар. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылдык жыйынтыгын белгилеп жатып, биздин элибиз өзүнүн эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн жогору баалап, кийинки үч миң жылда БУУга мүчө болуп кала берет деп айта алабыз», – деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары .

Эдил Байсалов жакынкы жылдарда Кыргызстандагы БУУнун агенттиктеринин ишинде ийкемдүүлүк жана республиканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарын колдоо зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн ЮНДАФ Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны министрлер кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун бардык кеңсе өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.