Байден америкалык жарандарды тез арада Украинадан чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын президенти Жо Байден Украинадагы америкалыктарды тез арада өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырып, андагы кырдаал “өтө тездик менен өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин” эскертти.

“Америкалык жарандар чыгып кетиши зарыл, азыр кетиши керек. Кеп дүйнөдөгү эң чоң армиялардын бири жөнүндө болуп жатат. Бул таптакыр башка кырдаал, бардыгы өтө тездик менен өзгөрүп кетиши мүмкүн”, — деди Байден NBC News телеканалына берген маегинде.

Ошол эле маалда президент кандай болгон күндө да Украинага америкалык аскерлер жөнөтүлбөй турганын дагы бир жолу ырастады. Анын айтымында, Украинадагы АКШ жарандарын кутаруу зарылдыгы жаралган күндө да аскерлер бул өлкөгө барбайт.

Январда Мамлекеттик департамент АКШнын Киевдеги элчилигинин айрым кызматкерлерине өз каалоосу менен Украинадан чыгып кетүүгө уруксат берип, алардын үй-бүлөсүн өлкөдөн кетүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары Улуу Британия менен Канада да дипломаттарын эвакуациялай баштаган. Германия менен Австралия дипломаттардын үй-бүлөлөрү чыгарылып жатканын кабарлаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.