Сүрөттө Махабат айым небереси менен. Автору: Тойчубек Артык уулу

Ийгилик – бул адамдын жеке жетишкендиктерин айгинелеген көрүнүш. Ал тынымсыз аракет менен умтулуунун натыйжасынан келип чыгат. Ошондой эле ийгиликти багындырган адам байлыкка да жеткен болот. 

Ош шаарынын тургуну Махабат Адишева учурда багбанчылык менен алектенет. Анын шаардын четинде 2 гектар жерде гилас багы бар.  

Махабат айым “Ынтымакка” ишкерлик жолундагы өйдө-ылдый  кырдаалдар тууралуу, багбанчылыктын түйшүгү жана рахаты, ошондой эле жашоодон алган сабагы, тажрыйбасы менен бөлүштү. 

Каарманыбыздын жана биздин негизги максатыбыз – учурда ишкерлик менен алектенген, кызмат орундарын ээлеген, жигердүү жана натыйжалуу үй чарбасын жүргүзгөн, башкаларга жумушчу орундарын түзгөн, таланттарын өнүктүргөн, инновациялык ыкмалар менен акча табуунун жолдорун өздөштүргөн аялдардын тажрыбайсын жайылтуу менен башкаларага өрнөк жана сабак болуу.  

Махабат айым жолдошу каза болуп калгандан кийин беш баласы менен жалгыз калган — улуусу 6-класстын окуучусу болсо, кенжеси эмчекте болгон.

Жолдошу Илияз Адишев жеке ишкерлик менен алектенчү. Ал эми жубайы үй кожейкеси болгондуктан, үй-бүлө багуу түйшүгүн анчейин сезген эмес. Махабат айымдын айтымында, балдардын келечеги үчүн жолдошунун ишин улантууга мажбур болгон.  

«…Жашоо өзү түртөт экен, балдар атасы барда кандай жашаса ошондой жашагысы келет экен. Анан белимди бекем бууп, аракет кылганга туура келди. Ар түрдүү жааттарда жеке ишкерлик кылып жүрдүм, элдин алды болбосом да, артта калбаганга аракет кылдым. Азыр кудайга шүгүр, балдарым чоңойду, баары окуду», — дейт Махабат айым. 

Ишкерликтин башаты

Гилас бак ишкер айымга жолдошунан калган. Жолдошу анын жарымына гилас жана шабдалы көчөттөрүн эгип калтырса, экинчи гектарын ал өзү сатып алып, ишкерлигин кеңейткен. 

 “Мен гилас бизнеске дароо эле келип калганым жок. Бак мөмөнү өз деңгээлинде бергиче курбум менен бирге Ош шаарынын түштүк-чыгыш тарабынан эс алуучу жайдын 3/1 бөлүгүн ижарага алдым. Ал жерге сөрү жасатып, кыргыз үй тигип, эс алууга келген конокторду кабыл ала баштадык. Бирок ал жерге көп суммада акча сарптасак да, жаш балдарым менен толук кандуу иштете алган жокмун”, – деп баштады маегин Адишева.  

Аталган жайдан киреше таппай калгандан кийин курбусу менен Алайдын жайлоосуна барып иштеп көрүүнү чечет. 

“Эртеси күнү эле кыргыз үйдү, сөрүнү чоң унаага жүктөп, балдарым менен жайлоого көчүп кеттим. Ал жактан курбумдун иниси тосуп алып, кичинекей бир жерди көрсөтүп, ушул жерге кыргыз үйдү тиге бериңиз деп койду. Кийин ойлонсом ал жер жайлоо деле эмес экен, болгону эле эл малын айдап жүргөн жер экен. 

Бирок артка жол жок эле. Шек санагандар көп болуп, дем-күч бергендер аз болду. Эжемдин баласынан 7-8 бээни бергиси келбесе да эки айга ижарага алып, саай баштадым. Казанга май токоч жасап, кымыз жасап, келген конокторго сунуштай бердим. 

Алгач кардарларды тейлөөдө аябай уялдым, арасында тааныштар болуп калабы дедим. Анткени жолдошум барда бай жашаган үчүн мен бир аз бой көтөрүп жүрөт элем. 

Бара-бара узак убакытка саамал ичкени келген кардарларды кабыл ала баштадым. Бир күнү алты кишиден турган үй-бүлө келип калды. Бардар үй-бүлө экени көрүнүп турду. Алардын дал бизге токтогонун да себеби бар эле. Анткени биздин тиккен боз үй аппак кийиз менен жабдылган болчу. Сепке келген төшөктөрдү меймандарга салып берип, шейшептерди да жаңы сатып алган элем. 

Бир күнү эле жайлоодо аябай жаан жаады. Биз тиккен боз үйдөн элек болуп суу өтүп кетти. Тажрыйбабыз жок болгондуктан, Кара-Суу базарынан алган Кытайдын кийизинен суу өтөөрүн билген эмес экенбиз. Эми кардарларым кетип калып, шерменде болот экем деп кыжалат болдум. Алтургай акчасын кантип кайтарып берем деп тынчсыздандым.

Бирок жакшы адамдар көп экен, табияттын шартын түшүнүп, кетип калышкан жок. Аларга түшкү тамакка деп аш демдеген элем, жаан менен алышып атып ал да бышпай калыптыр. Ошентсе да “жакшы эле болуптур” деп түшүнүп жешкен. Ошол кардарларыма алигиче ыраазы болом. Анткени беш кичинекей жаш балам менен жалгыз тиргилик кылып жатканымы көрүп, түшүнүштү окшойт. Эртеси күнү шаардан жаан жааганда жаап кое турган желим жапкыч алдырып койдум. Биринчи жылы ошентип уят болдум. 

Барган сайын кардарларым көбөйө баштады. Аларды туруктуу кардарларга айландыруу үчүн саамал сүттү сүзүп берип,тазалыкты кармаганга аракет кылдым. Арасында өзүм да анекдотторду айтып берип күлдүрүп коюп жүрдүм. Алтургай эмчи-домчу болуп (күлүп), анча-мынча “чочуп калыпмын” дегендерди эрте менен учуктап да коюп аттым. Мунум кардарларга ансайын жагат (күлүп). 

Кийинки жылы тажрыйба алып калган үчүн, кыргыз үйлөрдөн сырткары контейнер сатып алып, анын ичин оңдоп-түзөп, төрт кааналуу кылып жасалгаладым. Ошол жылдан баштап саамал сүттү да, кымызды да башкаларга караганда кымбат сата баштадым. Анткени мен кымыз куя турган чаначтарды да тез-тез жууп, саамал сүттү да берерде сүзүп анан берчүмүн. Коноктор келгенде, май токоч бышкыча таттууларды коюп алаксытып койчумун. Балдарым да таң эрте мени менен бирге ойгонуп, эч кимибиз тынчу эмеспиз. Ошентип жүрүп эмгекчил болуп чоңоюшту деп ойлойм. 

Тажрыйба деле жылдап келет экен. Бир күнү университетте иштеген мугалимдер эс алганы келип калышты. Алар кечинде ичимдик ичип, ырдап, бийлегенди жакшы көрүшөт. Союш союп, мага бышырып бер деп калышты. Достарконго алаксып атып, этти чала бышырган экем. Уялганыман мугалимдерден кечирим сурап, этти кайра бышырып бергем. Кечирим сурашты ошондон баштап үйрөндүм. 

Жайлоо мени адамдарга ыраазы болгонду, аларга рахмат айтканды, катачылык кетип калса үзүр сураганды үйрөттү. Ошону менен бирге дос таптым, көптөгөн тааныш таптым, тажрыйба топтодум. Азыркы убакка чейин катташып жүргөн жакындарым бар. Алты жыл иштеттим. Андан кийин жолдошум эгип кеткен гилас бак баралына келип калган үчүн, бакты кароого туура келип, жайлоого чыкпай калдым. Азыр иним иштетет. Азыр да иниме менин атымы айтып, издеп барышат экен”, – деп эскерди Махабат айым алгачкы тажрыйбасын.  

Багбанчылык

“3-4 жылдык бак али мөмө бербегени менен, келечекте сага түшүм бериш үчүн артынан сая түшүп караш керек. Жалгыз бой аялга 280 түп чын эле кыйын болот. Бакты чоңойтуш үчүн сугаруу, кароо жолдорун ар кимден сурай бердим. Бирок боорукер адамдар көп. Аравандык бир багбан келип багымды көрүп, бутай турган адамдарды таап берди. Бутагандан кийин эле бактарым чоңое баштады. Анан алар мага арасындагы шабдалыларды кыйып сал деп кеңеш беришти. Мен 60 түп шабдалыны кыйдырып салдым. Бактарым 7-8 жашка чыкканда жанынан дагы бир гектар жер алып, тажрыйбалуу багбандардын көрсөтмөсү менен жетиге жети кылып дагы бак тиктим. Азыр 12 жыл болду, буюрса 4-5 жылдан бери киреше алып жатам”, – дейт Адишева. 

Мындан аркы маекте Махабат айым бак кароо, мөмөсүн алганга чейин түйшүгү тууралуу кеп курду. 

“Киреше деле оңойчулук менен келбейт, ал үчүн жыл бою эмгектенүү керек. Бактарды кароо февраль айынан башталат. Ошол убактан баштап балдарым дагы, жалданып иштеген кишилер да, өзүм да тынбай эмгек кылабыз. Кар кете электе бактардын алдына азык салып баштайбыз, анткени ал кар менен кошо жерге сиңип, тамырларга жетиш керек. Анан бир ай өткөрбөй туруп, бак уктап атканда эле бутай баштайбыз. Ошентип мөмө бышкыча алпештеп карап, анан мөмөсүн терип алгандан кийин дагы бир сугарып, июль айында жалбырактарына дары чачып, анан эс алабыз. Бактын тамыры канчалык бекем болсо, ошончо жакшы болот. Азыкты тамырдан алат экен да көрсө”, -деп белгиледи ал. 

Махабат айым тажрыбайсы тууралуу маекти жыйынтыктап жатып, инсан кайсы жаатта иш алпарса да алгач билим алуу зарыл дейт. 

“Ал эми багбанчылык менен алектенем дегендерге айтаарым, көчөттөрдү эч качан жакын отургузбаш керек, анан чөйрөгө жараша билим алыш керек. Учурда бак тигип, гилас өстүрүп, бизнес кылам деп кредит алып, же карызга акча издегендерди көп көрүп жүрөм. Бул туура эмес. 

Андан мурун тажрыйбасы мол адамга барып билим алып, анан баарын изилдеп бүткөндөн кийин баштоо керек. Бул ишти алып кетүүгө менин тайманбастыгым да жардам берди деп ойлойм, анткени багбандын баары эркек кишилер, ага карабастан багбанчылык тууралуу кайсыл жерде кеп козголсо эле кулагымы түрүп, аралаша калам”, – деп аяктады Адишева. 

Махабат айым ишкерликтен тапкан кирешесинин бир бөлүгүн жолдошунун аты ыйгарылган мектептин окуучуларына стипендия ыйгарып турарын кошумчалады.  

«Жылда акыркы коңгуроодо ошол жолдошумдун ысымы берилген мектепке барабыз. Атайын балдарымы жана мени маданият үйүнөн чакырып турушат. Багбанчылыктан тапкан кирешемдин эсебинен үй-бүлөбүздүн атынан жакшы окуган балдарга стипендия берип турабыз», — дейт ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.